НАРЫН ШААРЫНА ЗАМАНБАП ТҮНКҮ ЖАРЫКТАР КОЮЛУУДА.

Бүгүнкү күндө Нарын шаарынын көчөлөрүнө заманбап түнкү жарыктарды коюу иши башталды.

Белгилей кетсек, шаарды түнкү чырактар менен камсыздоого жергиликтүү бюджеттен 1 миллион сом каралган.

Бул каражатка тендер аркылуу керектүү жабдуулар гана сатылып алынып, түркүктөрдү жасоо, орнотуу иштери «Таза Нарын» ишканасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө.

Бийиктиги 10-11 метрлик темир түркүктөргө заманбап, сапаты жакшы чырактар орнотулуп, жакынкы күндөрдө шаардын Московский аймагындагы кире беришинен «64» аймагына чейинки жолдун эки тарабы 60тан ашык түнкү жарыктар менен камсыздалмакчы.

Шаардын башка кире бериштери, жарыгы жок туура көчөлөрү да башка каражат булактарынын эсебинен жарыктандырылаары пландалган.

Добавить комментарий