НАРЫН ШААРЫНА МЭР БОЛУП ШАЙЛАНГАН САМАРБЕК БОЛОТБЕКОВ КЫЗМАТКА РАСМИЙ КИРИШТИ

Жаңы дайындалган мэр Самарбек Болотбековду, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Нарын облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев Нарын шаарынын активине тааныштырып, кызматтык оордуна отургузду.Болотбеков Самарбек 1984-жылы Нарын шаарында кызматчынын үй бүлөсүндө туулган. 1991-2001-жылдары Нарын шаарындагы В.П.Чкалов орто мектебинде билим алып, мектепти ийгиликтүү аяктаган. Кыргызстан эл аралык университетине 2001-жылы тапшырып 2005-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган, 2007-жылы магистратураны бүтүп, юрист адистигине ээ болгон. Өзүнүн эмгек жолун 2005-жылы Бишкек шаардык мэриясынын жер боюнча комитетинде укук жана кадр боюнча башкы адиси кызматынан баштап, 2007-жылга чейин эмгектенген. 2007-жылдан 2008 -жылга чейин кайрадан ушул эле комитетте сектор башчы, 2008-жылы Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык менчик, курулуш куруу,укук коргоо, сот органдары боюнча бөлүмүндө башчы, 2009-жылы Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруунун начальнигинин орун басары, 2010-жылдан 2016-жылдын июль айына чейин Бишкек шаардык мэриясынын турак-жай курулуш куруу департаментинде директор. 2016-жылдын июль айынан 2019-жылдын январь айына чейин Бишкек шаардык мэриясынын Свердлов райондук администрациясынын башчысы, 2019-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «Люкс Консалт» юридикалык компаниясында генералдык директор болуп эмгектенип келген.Бишкек шаардык Кеңешинин, Бишкек шаардык мэриясынын «Ардак грамотасы», КРнын Өкмөтүнүн алдындагы экология жана техника коопсуздугу мамлекеттик инспекциясынын төш белгиси, КРнын Президентинин алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын төш белгиси менен сыйланган. Саясий илимдеринин кандидаты.Үй бүлөлү 4 баланын атасы. Эне тилинде, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт.

Добавить комментарий