Нарын шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр –отунунан жардам көрсөтүлдү

23-февраль күнү Нарын шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр –отунунан жардам көрсөтүлдү. “Жаркын жаштар келечеги” жана “Итар” кайрымдуулук уюмдары тарабынан 50 тонна көмүр бүгүн ата-энесинен айрылган балдарга, социалдык абалы начар үй-бүлөлөргө таратылды.

Мындай кайрымдуулук иш-чарасы аталган уюмдар тарабынан экинчи жолу уюштурулуп жатат. Ал эми алардын уюмдун каттосунда турган 89 балага ай сайын 40 доллардан материалдык жардам көрсөтүлүп тураарын айтышты.

Ал эми Нарын шаарында учурда көмүр-отуну кенен сатылып жатса да, бирок ага муктаж болуп ала албай жаткандарга жардам көрсөтүп жаткан уюмдун өкүлдөрүнө 1-вице-мэр А.Суранов ыраазычылык билдирип, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Добавить комментарий