НАРЫН ШААРЫНДАГЫ АЙРЫМ ФИНАНСЫ-КРЕДИТТИК МЕКЕМЕЛЕР ЖАЛПЫ ИШЕМБИЛИККЕ КАТЫШЫШКАН ЖОК

Нарын шаардык мэриясынын 05.04.2017-жылдагы №117-б буйругу менен 2017-жылдын 1-апрелинен 1-июлуна чейин «Жашылдандыруунун үч» айлыгы жарыяланып, Нарын шаарынын аймагында жайгашкан баардык мекеме, ишканаларга жана уюмдарга менчигинин түрүнө карабастан шаардын аймактарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана тазалоо максатында жер тилкелери бөлүштүрүлүп  берилген.

Үч айлыктын алкагында 2017-жылдын 14-15-апрелде Нарын шаарында биринчи ишембилик өткөрүлүп, анда шаардын ички көчөлөрүн, сейил бактарын жана арыктарды тазалоо сыяктуу иштер аткарылды. Мындан сырткары жашылдандыруу мекемеси тарабынан «экологиялык фонддун» каржылоосу менен, Тянь-Шань карагайларынын 150 данаа көчөттөрү алынып келинип, 64 аймагына 24, Жаңы-жол аймагына 8 даана көчөттөр отургузулду.

Ишембиликке жалпысынан алганда 5 миңге чукул адам катышып, чогулган таштандыларды чыгарууга 12 техника тартылып, 443 м3 таштанды чыгарылып, “Карга-жайлоо” таштанды төгүүчү жайга төгүлүп түздөтүлдү. Мындан сырткары  асфальттанбаган 14 көчө кырдырылып түздөтүлдү.

Ошондой эле Нарын шаардык мэриясы тарабынан ишембиликке катышуу боюнча кат жөнөтүлгөндүгүнө карабастан, шаардын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан  «Билайн» уюлдук компаниясы, Демир, Бакай, KICB, Бай-түшүм, РСК, Финка, Айыл-банк, Аман-банк, Оптима банктары атайын бекитилип берген тилкелерге тазалоо иштерине чыгышкан жок.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республиканын Ѳкмөтүнүн өлкөнүн бардык аймактарында жалпы ишембиликтерди жандандыруу боюнча буйругуна ылайык, учурда Нарын шаарында айлана-чөйрөнү тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий