НАРЫН ШААРЫНДАГЫ «АЛГА НАРЫН» СЕЙИЛ БАГЫ ИРЭЭТКЕ КЕЛТИРИЛДИ

Нарын шаарында жүрүп жаткан «Шаарымды сүйүү тазалыктан башталат» акциясынын алкагында, бүгүн, шаардын Чыгыш аймагындагы «Алга Нарын» сейилбагы кɵрктɵндүрүлүп, ирээтке келтирилди.

Бул иш Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккɵ укуктарды каттоо башкармалыгы менен Нарын регионалдык шааркурулушу жана архитектура башкармалыгынын аракети менен жүзɵгɵ ашты.

Аталган башкармалыктардын эмгек жамааттары шаардагы коомдук жайларды кɵрктɵндүрүү демилгесин колдоого алып, убактыларын аябай сейилбактын отургучтарын, тосмолорун, балдар ойноочу аттракциондорду сырдап беришти.

Шаарыбызды ирээтке келтирүү, кɵрктɵндүрүү иш чарасына салымын кошкон мекемелердин жамааттарына Нарын шаардык мэриясынын жана шаардын элинин атынан тереӊ ыраазычылык билдиребиз.

Добавить комментарий