НАРЫН ШААРЫНДАГЫ «АЛМА БАК» ПАРКЫ ТҮРКИЯНЫН КАСТАМОНУ ШААРЫНЫН ДЕМѲѲРЧҮЛҮГҮ МЕНЕН РЕКОНСТРУКЦИЯЛАНАТ.

Бүгүн, 6-июлда Түркия мамлекетинин Кастамону шаарынын вице-мэри Ахмед Севгидиоглу жана Кастамону университетинин ректору Сейит Айдин баштаган расмий топ Нарын шаарында иш сапары менен болду.

Белгилей кетсек, үстүбүздɵгү жылдын февраль айында жергиликтүү бийлик ɵкүлдɵрүнɵн турган расмий топ Түркияда болуп, Түркия Республикасынын Кастамону шаары жана Анкара шаарынын Этимесгут району менен Нарын шаарынын ортосунда ɵз ара кызматташуу келишими түзүлгɵн эле.

Эки тарап кол койгон достук жана кызматташуу келишимине ылайык, Кастамону шаарынын мэри Таксин Бабаш Нарын шаарындагы бир паркты заманбап реконструкциялап берүүнү колго алаарын билдирген.

Ошондой эле Нарын мамлекеттик университети менен Түркиянын Кастамону университетинин ортосундагы келишимдин негизинде НМУга Кыргыз-Түрк факультетин ачуу; факультеттин алкагында ветеринария, экономика, компьютердик технологиялар, түрк тили сыяктуу заманбап адистиктерди уюштуруу; студенттер менен окутуучулардын тажрыйба алмашуу программаларын ишке ашыруу; НМУда заманбап ветеринардык клиника ачуу боюнча сүйлɵшүүлɵр жүргɵн.

Түрк боордошторубуздун Нарын жергесиндеги иш сапарында ушул келишимде камтылган маселелер боюнча баарлашуу жүрдү.

Түркиядан келген меймандар алгач облус жетекчиси Аманбай Кайыповдун кабыл алуусунда болуп, кызматташууну жемиштүү улантуу багытында жылуу маанайда эки тараптуу пикир алышты.

Баарлашуу учурунда Кастамону шаарынын вице-мэри Ахмед Севгидиоглу: «Жылуу кабыл алганыӊыздар үчүн тереӊ ыраазылык билдиребиз. Биздин мэрибиз Таксин Бабаштын нарындыктарга болгон ɵзгɵчɵ урматтоо сезими бар. Мен бүгүн ошол сезимди ɵзүм да сезип олтурам. Буюрса буга чейин сүйлɵшүлгɵндɵй Нарын шаарына Кыргызстан менен Түркиянын достук мамилесин айгинелеген заманбап парк курууну баштайбыз»,-деди.

Жолугушууда жергиликтүү бийлик ɵкүлдɵрү келген меймандарга ыраазылык билдирүү менен алдыда боло туруучу “III Дүйнɵлүк кочмондор оюндарына” жана Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине чакырышты.

Чакырууну жакшы кабыл алган Ахмед Севгидиоглу быйыл Кастамону шаарынын негизделгенине да 150 жыл толгонун маалымдады.

Андан кийин меймандар «Алма бак» паркын кɵрүп, курулуш ишин баштоо тууралуу иштиктүү сүйлɵшүүлɵрдү жүргүзүштү.

Маалымат үчүн айта кетсек, февраль айындагы сүйлɵшүүлɵрдɵн кийин реконструкциялоо үчүн Түркияга Нарын шаарындагы үч парктын долбоору жиберилген. Түрк боордоштор алардын ичинен чоӊураак жана жолго жакын экен деп “Алма бак” паркын тандап алышкан.

Бул жолу Кастамону шаарынын вице-мэри паркты реконструкциялоонун алдын ала жасалган долбоору менен тааныштырды.

Долбоорго ылайык, 4 гектарга жакын аянтты ээлеген “Алма бак” паркында бассейн, балдар ойноочу аянтча, жаштар, орто жаштагы жана улагайган адамдар ɵз-ɵзүнчɵ спорт менен машыгуучу жана кɵӊүлдүү эс алуучу жайлар болот. Ошондой эле ар түрдүү бак-дарактар отургузулат.

Буюрса жакынкы күндɵрдɵ долбоору толукталып, тендерден уткан жергиликтүү ишканалар тарабынан түркиялыктардын каражаты менен курулуш иштери башталмакчы.

Добавить комментарий