НАРЫН ШААРЫНДАГЫ «БААТЫР ЭНЕЛЕР» СЫЙЛАНДЫ.

Бүгүн, 7-июнда Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов шаардагы «Баатыр эне» жана «Эне даӊкы» наамына жаӊыдан ээ болгон  энелерге Ѳкмɵттүн орден, медалдарын жана мэриянын баалуу сыйлыктарын салтанаттуу кырдаалда тапшырып, куттук арнады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кɵп балалуу энелерди «Баатыр эне» ордени жана «Эне даӊкы» медалы менен сыйлоо жɵнүндɵгү Жарлыгына ылайык Нарын шаарынан 6 эне «Баатыр эне» ордени, 7 эне «Эне даӊкы» медалы менен сыйланышты.

Бул күнү «Баатыр эне» орденине Айсулуу Ашымова, Айгүл Жумабаева, Саадат Исмакеева, Анаркүл Мамырканова, Тахмина Ѳмүргазиева жана Нурай Токторова ээ болсо, «Эне даӊкы» медалы Аида Абдыгазиевага, Калийча Байгытаевага, Жанна Жакыповага, Жыпаркүл Жусуповага, Чолпон Жээнбаевага, Ардак Молдалиевага жана Анаркүл Сүйүновага тапшырылды.

Энелерди сыйлыгы менен куттуктаган Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов жана шаардын вице-мэри Салтанат Эсенаманова алардын жашоодогу бийик ордун баса белгилеп, жакшы тилектерин арнашты.

Сыйлык ээлерине Нарын шаардык маданият бɵлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыр белек тартууланды.

Добавить комментарий