Нарын шаарындагы балдардын майрамы

Быйыл Нарын шаарында 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү «Алма Бак» сейил багында белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Майрам Нарын шаарынын вице-мэри С.Эсенаманованын балдарга арналган куттуктоосу менен башталды. Куттуктоодо «Балалык — бул адамдын өмүрүндөгү эң бир ыйык, эстен кеткис көз ирмем. Ар бириңер илгери үмүт байлап, таттуу тилек менен чоңоюп жатасыңар. Бала тилегин Кудай берет, кабыл кылат. Баардык каалоо-тилегиңер ишке ашсын» деген сɵздɵр айтылып, бирок ошол майрам даамын татпай, ата-эне мээриминен четте калган балдар да жок эмес экени ɵкүндүрɵɵрүн билдирди.

 Ошондой эле иш чарага Ѳкмɵттүн облустагы ɵкүлүнүн орун басары Ч.Абдраимакунова катышып майрам ээлерине аруу тилектерин жолдошту.

 Балдар үчүн уюштурулган майрамдын жүрүшүндɵ концерттик программа тартууланып, ага активдүү катышкан бала бакчалардын тарбияланычууларына атайын белектер тапшырылды. Ал эми «Бекер балмуздак» акциясында шаардык мэрия жана башка демɵɵрчүлɵр тарабынан балдарга 2 миӊден ашуун балмуздактар таратылып, паркка келген балдар арасында асфальтка сүрɵт тартуу сынагы ɵткɵрүлүп, жеӊүүчүлɵр белектерге ээ болушту.

 Белгилей кетсек, шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулоо максатында, 1-июнь алдында шаардын мерчемдүү жерлерине лозунгдар илинип, аталган паркты ирээтке келтирүү жана тазалоо иштери, жасалгалоо жүргүзүлүп, сахна орнотулду.

Мындан сырткары, «Кадам», «Аруу Тилек» реабилитациялык борборлорунда тарбияланып жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды шаар жетекчилиги жеринен куттукташты.

Добавить комментарий