НАРЫН ШААРЫНДАГЫ БОРБОРДУК БАЗАР ИРЕТКЕ КЕЛТИРИЛЕТ.

Нарын Шаардык Мэриясы с Бакытбеком Усубалиевым и Эгемберди Усуповым.

27 ноября в 18:25 · 

НАРЫН ШААРЫНДАГЫ БОРБОРДУК БАЗАР ИРЕТКЕ КЕЛТИРИЛЕТ.

Бүгүн, 27-ноябрда Нарын шаардык мэриясында шаардагы борбордук базарды иретке келтирүү боюнча кеӊешме ɵткɵрүлдү.

Шаар жетекчилиги, тиешелүү тармактардын адистери, базарлардын ээлери, шаардык Кеӊештин депутаттары катышкан жыйында базардагы кɵйгɵйлүү маселелер ортого салынып, аларды чечүү боюнча иштиктүү сунуш-пикирлер айтылып, конкреттүү милдеттер белгиленди.

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов базар шаардын ортосунда жайгашкандыгы, жердин тардыгы жана алармандар менен сатармандар бир гана Нарын шаарынан эмес Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунан, Ысык-Кɵл облусунан бери келгендиктен элдин кɵптүгү базардагы кɵйгɵйлɵрдүн жаралышына себеп болуп жаткандыгын белгиледи.

Ал тез арада эки маселени: автоунааларды токтотуучу жайларды жана жашылча базарын иретке келтирүүнү чечүү зарылдыгын билдирип, бул боюнча конкреттүү сунуштарын айтты. Ошондой эле автотыгындарды жаратып жаткан театрдын жанындагы жɵɵ адамдар ɵтүүчү ɵткɵɵлдү ыкчам иретке келтирүүнү сунуштады.

Кеӊешмеде ички иштер, жол кɵзɵмɵлдɵɵ, экотехинспекция кызматынын ɵкүлдɵрү жана башкалар адистер, жеке ишкерлер, муниципалдык кызматкерлер, административдик комиссиянын мүчɵлɵрү тарабынан бир катар ой-пикирлер айтылып, базарды иретке келтирүү үчүн жол белгилерин коюу, жол коопсуздук кызматкеринин кошумча штаттык бирдиктерин чечүү, коопсуздук жагдайлары, мыйзамсыз салынган имараттарды иретке келтирүү маселелери да кɵтɵрүлдү.

Жыйынтыгында шаар мэри айтылган пикирлерди эске алуу менен тиешелүү кызмат адамдарына жана базар ээлерине базарды иретке келтирип, элге ыӊгайлуу шарт түзүп берүү багытындагы бир катар милдеттерди коюп, тапшырмаларды берди.

Добавить комментарий