НАРЫН ШААРЫНДА ЖӨӨ АДАМДАР ӨТҮҮЧҮ ӨТКӨӨЛДӨР ЖАҢЫРТЫЛЫП ЖАТАТ

Нарын шаардык “Таза Нарын” муниципалдык ишканасы шаар ичиндеги жөө адамдар өтүүчү өткөөлдөрдү жаңыртып сырдап жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Шаар тургундарынын коопсуздугун сактоо үчүн жылына эки жолу жол белгилери ишкана тарабынан жаңыртылып, сырдалып турат.

Жылдагылардан айырмаланып мында алар муздак пластиктен боёкторду пайдаланышууда. Сары түстөгү боёктор алыстан көрүнүктүү болуп, айдоочулардын көңүлүн буруп, жол кырсыктарын алдын алат. Муздак пластиктен боёкторду алуу үчүн 207 миң сом акча каражаты жумшалды.

Жаңы окуу жылы башталгандыктан, биринчи кезекте балдар бакчалардын, орто мектептердин, жогорку жана орто окуу жайларга өтүүчү жолдордогу өткөөлдөр сырдалууда.

Добавить комментарий