НАРЫН ШААРЫНДАГЫ Ж. ШЕРАЛИЕВ АТЫНДАГЫ БАЛДАР ИСКУССТВО МЕКТЕБИ «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МЕКТЕБИ» НААМЫН АЛДЫ.

Нарын шаарындагы Ж. Шералиев атындагы балдар искусство мектеби Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан республикалык мектептер арасында «Жылдын мыкты мектеби» номинациясына татыктуу болду.

Бул сыйлык республикалык аттестациянын жыйынтыгынын негизинде мектептин маданиятты жана искусствону ɵнүктүрүүгɵ кошкон зор салымы үчүн ыйгарылды.

Сыйлык ээлерин-Ж. Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин эмгек жамаатын жана тарбиялануучуларын чын жүрɵктɵн куттуктап, чыгармачылыктагы мындан да жогорку бийиктиктерди багындырууларына тилектештигибизди билдиребиз.

Добавить комментарий