НАРЫН ШААРЫНДАГЫ ИШЕМБИЛИК ЧЫНЫГЫ ЭМГЕК МАЙРАМЫНА АЙЛАНДЫ.

23-24-март күндɵрү Нарын шаарында ишембилик ɵткɵрүлүп, бул акцияга шаар тургундары, шаардагы облустук, шаардык, райондук мекеме-ишканалардын, соода жана тейлɵɵ борборлорунун, коомдук уюмдардын жамааттары активдүү катышып беришти.

Натыйжада 100дɵн ашык мекеме-уюмдардын 3 миӊге жакын кызматкерлеринин аракети менен парктар, скверлер, кɵчɵ бойлору, арыктар, имараттардын айлана–тегереги тазаланып, болжол менен 450 метр куб турмуш-тиричилик таштандылары чыгарылды.

Аба ырайы да ойдогудай болуп, иш чара чыныгы эмгек майрамына айланды.

Ишембиликтин жүрүшүн Нарын шаардык мэриясы кɵзɵмɵлгɵ алды.

«Тазалык шаарыбызга, шаарыбыз баарыбызга» демекчи, буюрса, Ѳкмɵттүн «Таза жашоо» ураанынын алдындагы үч айлык акция жигердүү уланат деген ишеничтебиз.

Ар бир жуманын жума күндɵрү мекеме-ишканалардын короолору, айлана-тегереги, ал эми ишемби күндɵрү бɵлүнгɵн аянттар тазаланмакчы.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын шаардык мэриясынын маалымат-кызматы.   

 

 

Добавить комментарий