НАРЫН ШААРЫНДАГЫ МЕКЕМЕЛЕРДЕ ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛУУДА.

Нарын шаарындагы мекеме-ишканаларда жыл ичинде аткарылган иштердин жыйынтыктары чыгарылып, 2019-жылга милдеттер белгиленүүдɵ.

15-январда Нарын регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгында жана Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кɵрсɵтүү боюнча муниципалдык ишканасында жыйындар ɵткɵрүлүп, жыл башында бекитилген план-тапшырмалардын канчалык деӊгээлде аткарылгандыгына баа берилди. Иштеги айрым кемчиликтер ортого салынып, алдыга милдеттер коюлду.

Жасалган жумуштардын негизгилерине токтоло кетсек, жыл ичинде Нарын регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын ɵндүрүштүк бɵлүмүнɵ түшкɵн кайрылуулардын негизинде 126 ар кандай курулуш долбоорлору иштелип чыккан. Мындан сырткары, Нарын шаарынын «64» аймагындагы Т. Пудовкин, Городоктогу «Жаштар» сейилбактарынын, Раззаков, Ленин жана Молдоев кɵчɵлɵрүнɵ түнкү жарык түркүктɵрүнүн жайгашуусунун, Ленин кɵчɵсүндɵгү аялдамалардын, РТС аймагындагы сейилбактын долбоорлору жана сметалары даярдалган.

Ал эми Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кɵрсɵтүү боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан муниципалдык каттоодо турган жерлерди ижарага берүү аркылуу 5 миллион 90 миӊ сом каражат чогултулса, тазалык үчүн 3 миллион 257 миӊ сом жыйналып, план ашыгы менен аткарылган.

Жыл ичинде Нарын шаарынын 2017-2020-жылдарга карата «Ѳнүгүү стратегиясынын» алкагында борбордук кɵчɵнүн жана борбордук базардын айланасындагы ирээтсиз коюлган соода түйүндɵрүн алдыруу, бирдей типтеги аялдамаларды курууну ишке ашыруу сыяктуу жана башка жумуштар жасалган. Эӊ негизгиси шаардын муниципалдык менчигиндеги обьектилерди инвентаризациялоо иши башталып, анын негизинде жумуштар жүргɵн.

Белгилеп кетүүчү жагдай, муниципалдык ишкананын эмгек жамааты жыл ичинде коомдук иштерге да активдүү аралашып, алардын демилгеси менен башталган «Тазалык ɵнүгүүнүн башаты» акциясы башка жамааттар тарабынан колдоо таап, шаардын коомдук жайлары тазаланып, акталып, сырдалып, кɵрктɵндүрүлгɵн. Бул иш шаардын 150 жылдык мааракесине чоӊ салым болгон.

Жыйынга катышкан Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курманов аталган мекемелердин жамааттарынын ишине ийгилик каалап, алдыга бир катар иш милдеттерин белгиледи

Добавить комментарий