НАРЫН ШААРЫНДАГЫ «НАРИСТЕ-НУР» БАЛДАР БАКЧАСЫНДА РЕМОНТ ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ

Быйыл Нарын шаардык мэриясы тарабынан республикалык бюджеттин түрткү берүүчү грантына cунушталган долбоорлордун ичинен үч долбоор колдоо тапты.

Мунун негизинде Нарын шаарындагы №4-«Наристе-Нур», №14-«Бактылуу балалык» балдар бакчаларынын имараттарынын жана №2-В. П. Чкалов орто мектебинин спорт залынын капиталдык ремонт иштери башталды.

Учурда №4-«Наристе Нур» бала бакчасында ремонт иштери кызуу уланууда.

Долбоордун жалпы суммасы 2 миллион 461 миӊ 356 сомду түзɵт. Мунун ичинен республикалык бюджеттен каржыланганы 1 миллион 947 миӊ 706 сом болсо, жергиликтүү бюджеттен 513 миӊ 650 сом бɵлүнүп берилген.

Бул каражатка имараттын чатыры, терезе-эшиктери алмаштырылып, сырты жаӊыртылып, айланасы тосулмакчы.

Добавить комментарий