НАРЫН ШААРЫНДАГЫ ОБЛУСТУК, РАЙОНДУК МЕКЕМЕ-ИШКАНАЛАРДЫ, КООМДУК УЮМДАРДЫ ТАЗАЛЫК АКЦИЯСЫНА КАТЫШУУГА ЧАКЫРАБЫЗ!!!

Жалпыга маалым болгондой, бүгүнкү күндɵ Нарын шаарындагы мекеме-ишканалар ортосунда шаарды кɵрктɵндүрүү максатындагы «Тазалык-ɵнүгүүнүн башаты» акциясы жүрүп жатат.

Тазалык акциясынын алкагында тазалоого оор болгон коомдук жайлар иретке келтирилип, акталып, сырдалып, жашылдандырылып, ал тургай түнкү жарыктарынан бери алмаштырылып, кийинки мекемелерге эстафета катары ɵткɵрүлүп берилүүдɵ.

Бул демилгенин аркасы менен бир ай ичинде Жаӊы-Жол  жана «64» аймагындагы кɵпүрɵлɵр, шаардын Московский аймагынан кире беришиндеги «Нарын шаары» белгиси жана анын тегереги, ушул эле аймактагы шаардын Гимни жазылган такта, «Тянь-Шань», «Улуу Жеӊишке 70 жыл» атындагы гүлбактар  тазаланып, бардык жагынан кɵрккɵ келтирилди.

Биз буга чейин да маалымдап келгендей, бул акция Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кɵрсɵтүү боюнча муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан демилгеленип, «Нарын суу канал», Жылуулук берүү, Электр тармактар ишканалары, Билим берүү жана Саламаттыкты сактоо мекемелеринин эмгек жамааттары тарабынан колдоо таап, кызуу улантылды.

Бул жумадагы иш кезеги Социалдык ɵнүктүрүү жана Салык башкармалыктарынын жамааттарында. Алар да ɵздɵрүнɵ бɵлүнүп берилген РТС аймагындагы «Ынтымак» жана Жаӊы-Жол аймагындагы «Тайлак баатыр» гүлбактарын иретке келтирүүнүн камын кɵрүшүүдɵ.

Мындай демилгелүү иш Нарын шаарындагы облустук, райондук мекеме-ишканалардын, коммерциялык, коомдук, эл аралык уюмдардын эмгек жамааттары, жеке адамдар тарабынан да колдоого алынат деген үмүттɵбүз. «Кɵп түкүрсɵ кɵл болот» дегендей, шаарыбыздын тазалыгына баарыбыз салым кошуп, анын кɵрктүүлүгүнɵ жалпыбыз кɵзɵмɵл кылсак чакан шаарыбыз кулпуруп чыга келээрине ишеним зор. Андыктан бардыгыӊыздарды «Тазалык-ɵнүгүүнүн башаты» акциясына үлүш кошууга, тазалык эстафетасын улантып кетүүгɵ чакырабыз!!!

 

 

Добавить комментарий