НАРЫН ШААРЫНДАГЫ С. ОРОЗБАКОВ КѲЧѲСҮ ТҮНКҮ ЧЫРАКТАР МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛДУ.

Жакында Нарын шаарындагы Сагынбай Орозбаков кɵчɵсүнɵ башынан аягына чейин бир тараптуу 108 даана заманбап түнкү чырактар коюлду.

Бул иш Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине карата ɵткɵрүлгɵн марафондун эсебинен 362 миӊ сомго бүткɵрүлдү.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган кɵчɵнүн 1 километрден ашык жолуна Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун реконструкциялоодон үнɵмдɵлгɵн акча каражатынан асфальт тɵшɵлгɵн.

Добавить комментарий