НАРЫН ШААРЫНДАГЫ “ТАЗА НАРЫН” ИШКАНАСЫНЫН КЕҢСЕСИ ОҢДОП-ТҮЗДӨЛҮҮДӨ

Бүгүнкү күндө Нарын шаарындагы “Таза Нарын” ишканасынын кеңсесинде капиталдык ремонт иштери жүргүзүлүүдө. Иштин жүрүшүндө кеңсеге жылуулук системасы орнотулуп, эшик-терезелери толугу менен алмаштырылып, ичи-сырты жылууланат.

Бул иш республикалык бюджеттин үлүштүк (дем берүүчү) гранты аркылуу колдоого алынды. Долбоордун жалпы баасы 2 миллион 499 миң сомду түзөт. Мунун ичинен 1 миллион 145 миң сому Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен өздүк салым катары каржыланды.

Капиталдык ремонт ишин тендер аркылуу утуп алган “АйБи-строй сервис” жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүүдө.

Добавить комментарий