НАРЫН ШААРЫНДАГЫ УЛУУ ЖЕҢИШТИН КААРМАНДАРЫНА ЮБИЛЕЙЛИК МЕДАЛЬ ТАПШЫРЫЛДЫ

Бүгүн, 8-майда Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Нарын шаарында жашаган согуштун жана ооруктун ардагерлери юбилейлик медаль жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов менен Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров калаадагы жалгыз согуштун ардагери Тукеш Токтомушевге барып 9-май Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун окуп берип, Кыргыз Республикасынын 75 жылдык юбилейлик медалын тапшырды. Ошондой эле өкүлчүлүктүн атынан 10 миң сом өлчөмүндөгү майрамдык белегин ыйгарды.

Ал эми шаар жетекчиси Нурбек Молдокадыров да атабызды майрамы менен куттуктап, Россия Федерациясынын 75 жылдык юбилейлик медалын тагып, Нарын шаардык мэриясынын жана Кеңешинин атынан 20 миң сом акчалай сыйлыгын берди.

Муну менен катар шаарыбыздагы ооруктун ардагерлери Кожош Эгембаевге, Жанабил Абдрахмановго жана Калича Макешовага да шаар башчысы Нурбек Молдокадыров менен вице-мэр Назира Жумакадырова Россия Федерациясынын 75 жылдык юбилейлик медалын жана 10 миң сомдук акчалай сыйлыктарын тапшырышты.

Мындан сырткары, согуштун катышуучуларынын 20 жесирине да 1000 сомдон берилет.

Эске салсак, Нарын шаардык бириккен аскер комиссариатынын расмий маалыматына ылайык согуш мезгилинде Нарын районунан жана Нарын шаарынан 5820 адам Советтик Армиянын катарына чакырылган. Алардын ичинен каза болгондор менен дайынсыз жоголгондордун саны 2380 болсо, аман-эсен өз туулган жерине 3440 жоокер кайтып келген.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий