Нарын шаарындагы Шуллер кɵчɵсүн асфальттоонун алдында жайма базар ирээтке келтирилди

Үстүбүздɵгү жылы Нарын шаарынын 6 чакырым 750 метр ички жолдору реконструкциядан ɵткɵрүлүүдɵ. Бүгүнкү күндɵ шаарыбыздын С.Орозбак, С.Андабеков, А.Молдоев  жана Ленин ички кɵчɵлɵрүндɵ оӊдоп-түздɵɵ иштери аяктап, Шуллер кɵчɵсүн асфальтоо жумуштары башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Буга чейин «Чолпон» соода борборунун ичинде жер-жемиш саткан соодагерлер  Шуллер кɵчɵсүнɵ чыгып, соодагерлерге бир нече жолу эскертилгенине карабастан, соода кылууга белгиленбеген жерлерге мыйзамсыз соода жүргүзүп, борбордук базардын тегерегин баш аламан жайма базарга айлантып, автоунаалардын тыгындарын пайда кылып, элдин көптөгөн нааразычылыктарын туудуруп келген.

Бүгүн 27-октябрда Нарын шаардык мэриясынын алдында түзүлгɵн комиссия тарабынан, асфальтталчу жолдун боюнда соода кылгандарга «Чолпон» базарындагы орундарына кирүүсү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ал эми калгандарына соода кылуучу жерлер белгиленип берилди.

Добавить комментарий