НАРЫН ШААРЫНДАГЫ ЭС АЛУУЧУ ЖАЙЛАР ЖАРЫКТАНДЫРЫЛАТ

“Быйылкы жылы Нарын шаарындагы эс алуучу жайларды жарыктандыруу приоритеттүү максаттарыбыздын бири болушу керек!”-деди, бүгүн, 10-мартта Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курманов шаарыбыздагы эс алуучу жайларды карап чыккандан соң.

Давид Курманов Ж.Акималиев, Тянь-Шань, Алга-Нарын, Мазар Булак ж.б. бир катар эс алуучу жайларын жарыктандыруу керек экенин айтып, анын ичинде Тянь-Шань эс алуучу жайына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Себеби, дал ушул жерде улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жаркын элесине арналып тургузулган эстелик бар. Андыктан, улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата бул эс алуучу жайга эмнелерди жасоо керектиги боюнча иш план түзүп келүүнү Нарын шаардык «Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын башкы агроному Айбек Орозобаевге тапшырды.

Мындан сырткары бул эс алуучу жайларга даараткана салуу маселеси да көтөрүлүп, ал боюнча иш алып барууну да аталган мекемеге жүктөдү.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий