НАРЫН ШААРЫНДАГЫ №2 В.П.ЧКАЛОВ МЕКТЕБИНДЕ АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн, 20-майда Нарын шаарындагы № 2 В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясында ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.

Ага шаар башчысы Э.Алымкулов, вице-мэр С.Эсенаманова, шаардын депутаттары, ата-энелер, мектеп жамааты жана окуучулар катышышты.

Ачык эшиктер күнүндө мектептин билим берүүдөгү жетишкендиктери, ийгиликтери, долбоорлор менен иш алып баруусу, чет тилдердин бир нече түрү менен окуучулардын алектенүүсү, мектептин эл аралык мамилелери, сабактын тышкаркы ийримдер тууралуу кеңири маалыматтар берилип, япон элинин маданиятынан бир сүртүм тартууланды.

Анда сөз сүйлөгөн шаар мэри Э.Алымкулов, “мектептеги билим берүүнүн канчалык сапаттуу экендигин, жыл сайын өткөн окуучулардын республикалык, облустук, шаардык олимпиадаларда камсыз кылган орундары тастыктайт. Андыктан мектеп-гимназиянын көптөгөн ийгиликтерине күбө болуп келебиз, мындан аркы окуу-тарбия иштерине ийгиликтерди, окуучуларга окууларындагы мыкты көрсөткүчтөрдү каалаймын” деди мэр өз сөзүндө.

Иш чаранын жүрүшүндө 2016-2017- окуу жылында  мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтө алган окуучуларга мектептин атайын дипломдору тапшырылды.Ал эми ачык эшиктер күнүнүн алкагында  окуучулардын эмгегинен жаралган буюм-тайымдардын  көргөзмөсү  уюштурулду.

 

Добавить комментарий