НАРЫН ШААРЫНДАГЫ №4 Э.ИБРАЕВ ОРТО МЕКТЕБИНИН ТОСМОЛОРУ ЖАҢЫРТЫЛЫП ЖАТАТ

Нарын шаарында алты билим берүү мекемелеринде мамлекеттик үлүштүк (дем берүүчү)  гранттар аркылуу ремонт иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Аны менен бирге №4 Э.Ибраев атындагы орто мектебинин айланасындагы эски тосмолор алынып, жаңы темир тосмолор орнотулууда.

Долбоордун сметалык баасы 1 млн 37 миң 288 сомду түзөт, анын 777 миң 966 сому дем берүүчү грант болсо, 259 миң 322 сому Нарын шаарынын бюджетинен каржыланууда. Курулуш иштерин тендерден утуп алган “Аргымак-Нарын” ЖЧКсы ишке ашырып жатат.

Добавить комментарий