Нарын шаарында ɵспүрүм балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана аны болтурбоо максатында оперативдик профилактикалык рейддер дайыма жүргүзүлүп келет,-мэрия

Нарын шаарында ɵспүрүм балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана аны болтурбоо максатында оперативдик профилактикалык рейддер дайыма жүргүзүлүп келет. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Бул жолку рейд кечки саат 19.00-24.00 чейин жүргүзүлүп, анда мэриянын, ички иштер, билим берүү бɵлүмдɵрүнүн, социалдык ɵнүгүү башкармалыгынын жана телевидениенин кызматкерлери компьютердик клубдарды кыдырышты.

Рейд учурунда айрым компьютердик клубдарда кеч болгонуна карабастан ойноп отурган, түнкүсүн эч максатсыз кɵчɵдɵ басып жүргɵн жаш ɵспүрүмдɵрдүн ɵздүгү такталып, алар үйүнɵ жеткирилип, ал эми ата-энелерине кɵзɵмɵлдүк кылуусу зарыл экендиги комиссия тарабынан түшүндүрүлдү.

Мындан сырткары шаар ичиндеги соода түйүндɵрүнɵ 18 жашка чейинки жаш балдарга спирт ичимдиктерин, тамеки насвайларды сатпоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле тиешелүү адистерден турган топ мектептерде жыйындарды ɵткɵрүп, окуучуларга, ата-энелерге жана мектеп жамаатына жогоруда келтирилген учурлар боюнча маалымат берилип келет.

Жаш ɵспүрүмдɵр арасында кылмыштуулукту алдын алуу рейддер менен чектелбестен ар тараптуу патриоттуулукка, сергек жашоого үндɵгɵн спорттук жана маданий-массалык иш-чараларга тартуу менен коштолуп келет.

Добавить комментарий