Нарын шаарында ɵтүп жаткан хоккей боюнча эл аралык турнирде баш байгени «Челябинск» командасы жеӊип алды.

Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесинин алкагында ɵткɵрүлүп жаткан «Ташболот Токтосуновдун» кубогуна арналган хоккей боюнча эл аралык турнир эки күнгɵ созулуп, күйɵрмандардын бүйүрүн кызытты.

Турнирде Россия Федерациясынын «Челябинск», Казакстандын  «Энбек-Алматы», Кыргызстандын аймактарынын «Ынтымак» жана Нарын шаарынын «Ала-Тоо-Нарын» командалары кɵк жылгаяк үстүндɵ хоккей оюну боюнча мыкты оюн кɵргɵзүп беришти.

Жыйынтыгында «Челябинск» командасы 9 упай менен бардык командаларды утуп, турнирдин ɵтмɵ кубогуна, 500 доллар ɵлчɵмүндɵгү баш байгесине жана алтын медалдарына татыктуу болду. Экинчи орунду 6 упай менен Казакстандын «Энбек-Алматы» командасы, үчүнчү орунду 3 упай менен Нарын шаарынын «Ала-Тоо-Нарын» командасы камсыздады. Экинчи орунду багындырган командага 300 доллар ɵлчɵмүндɵгү акчалай сыйлык жана күмүш медалдар, ал эми үчүнчү орунга татыктуу болгон командага 200 доллар ɵлчɵмүндɵгү акчалай сыйлык жана коло медалдар ыйгарылды.

Ташболот Токтосуновдун байге фондунан ар бир команданын мыкты оюнчуларына да 100, 50 доллар ɵлчɵмүндɵгү сыйлыктар тапшырылды.

Мындан сырткары мыкты оюнчуларга Кыргыз Республикасынын Хоккей федерациясынын, Россия Федерациясынын «Челябинск» командасынын баалуу сыйлыктары ыйгарылды. Ошондой эле алыстан келген командаларга Нарын шаардык мэриясы тарабынан Ыраазылык каттар жолдонду.

Турнирдин уюштуруучусу Нурбек Ташболот уулунун айтымында, бул турнир салт катары жыл сайын ɵткɵрүлүп турмакчы. Кудай буюрса эмдиги жылы ɵтүүчү турнирге Россиянын командасына атаандаш катары Скандинавиянын хоккейчилери келээри күтүлүүдɵ.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Назгүл Мүсүралиева, Нарын шаардык мэриясынын пресс-катчысы.

 

 

Добавить комментарий