НАРЫН ШААРЫНДА АДАМ САТУУГА КАРШЫ АКЦИЯ ѲТКѲРҮЛДҮ.

Бүгүн, 17-мартта Нарын шаарында  «Биз адам сатууга каршыбыз» аталышындагы акция ɵткɵрүлдү.

«Лидер» коомдук бирикмесинин демилгеси менен «Кыргыз Ѳкмɵтүнɵ Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук жана техникалык базасын бекемдɵɵгɵ кɵмɵктɵшүү» долбоорунун алкагында АКШ мамлекеттик департаментинин жана Эл аралык Миграция уюмунун колдоосунда ɵтүп жаткан маалымат кампаниясына жергиликтүү бийлик ɵкүлдɵрү, шаардын коомчулугу, ɵзгɵчɵ жаштар активдүү катышты.

Иш чарада коомчулукка адам сатуунун алдын алуу боюнча кеӊири маалымат берилип, адам сатуунун курмандыгы болгон мекендештерибиздин тагдырлары баяндалды.

Акция Кыргыз Республикасынын Эл артисти Эрнис Асаналиев жетектеген Президенттик «Манас» камералык оркестринин жандуу музыкалык коштоосунда ɵткɵрүлүп, бул саамалык катышуучулар үчүн жагымдуу маанай тартуулады.

«Лидер» коомдук бирикмесинин негиздɵɵчүсү   Банура Абдиева белгилегендей, адам сатуу чоӊ кылмыш экенине карабай дүйнɵнүн кɵп ɵлкɵлɵрүндɵ орун алып, кылмыштуу топтор аркылуу миллиарддаган суммадагы акча жүгүртүү менен жасалат. Адамды талаачылык жана үй жумуштарына, ошондой эле сексуалдык кызматка пайдалануу үчүн, эӊ коркунучтуусу дене мүчɵлɵрүн алып  башкаларга колдонуу максатында жүргүзүлɵт. Биздин мамлекет да мындай окуядан алыс эмес.

Миграция кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2013-жылы 9, 2014-жылы 20, 2016-жылы 7, ал эми 2017-жылы 4 адам сатуу фактысы боюнча кылмыш иштери козголгон. Тилекке каршы, катталбагандары андан да кɵп.

Мындай учурлардын алдын алуу үчүн жарандар, ɵзгɵчɵ жаштар ɵз укуктарын жакшы билүүлɵрү зарыл. Бул үчүн смартфон телефону аркылуу Плей маркеттен «Мигранттын колдонмосу» мобилдик тиркемесин кɵчүрүп алышса болот. Тиркемеде кандайча адам сатуунун алдын алууга болоору тууралуу маалыматтар бар.

Эгер адам сатууга байланыштуу кандайдыр бир жагдайларга туш болгондор болсо 24 саат бою тез байланышта болгон 08000000189 ишеним телефону аркылуу акысыз чалып билдиришсе болот.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын шаардык мэриясынын маалымат-кызматы.

 

Добавить комментарий