Нарын шаарында айымдарга арналган майрамдык иш чаралар уланууда

Бүгүн  Нарын шаарындагы   «Жаштар ордосунун»  жыйындар залында , 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата арналган майрам болуп ɵттү.

 

Иш чарага шаардын социалдык-экономикалык тармактарында иштеген,  ѳз ишин сүйгѳн, кызматтын алдынкылары жана социалдык жактан колдоого муктаж болгон  жалпысы 150 айымдар чакырылган.

 

Шаар мэри Б.Жээналиев “Элибиз эзелтеден аялзатына – очоктун сактоочусуна өзгөчө аяр мамиле жасап, алардын туруктуулугуна жана чыдамкайлыгына, акылгөйлүгүнө жана түшүнүктүүлүгүнө терең таазим этип келген. Мына бүгүн да, жарашыктуу жаз айындагы ажарлуу майрам күнү – биздин сүйүктүү айымдарыбыздын эң жакшы сапаттары үчүн ыраазычылык билдирип, кɵӊүлүн кɵтɵрүп коюу ар бир эркектин парзы” экенин белгилеп,  ар бир адамдын жашоо-турмушундагы эң кымбат жана теңдешсиз дөөлөтү болгон чың ден соолукту каалап кетти. Ошондой эле асыл аялзаттарына ардак грамоталарды,  баалуу белектерди тапшырды.

Майрамдык иш-чаранын ѳзгѳчѳлүгү — шаардык мэриянын жана шаардык Кеңештин кызматкерлеринин катышуусундагы концерттик программа болду.

 

Добавить комментарий