НАРЫН ШААРЫНДА АЙЫМДАРГА КУТТУК АРНАЛДЫ.

Бүгүн Нарын шаардык мэриясы тарабынан Аялдардын эл аралык күнүнɵ арналган майрамдык иш чара ɵткɵрүлдү.

Ж. Шералиев атындагы искусство мектебинде болуп ɵткɵн майрамдык иш чарага шаарыбыздын ар кыл тармактарында эмгеги сиӊип, ɵсүп-ɵнүгүшүнɵ салым кошкон айымдар чакырылды.

Айымдарды жаз майрамы менен куттуктаган Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов аялзатынын, энелердин улуулугун, коомдогу ордун баса белгилеп, жакшы тилектерин арнады.

Ошондой эле Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Жыргалбек Садыков баштаган шаардык Кеӊештин депутаттары да айымдарыбызга каалоо-тилектерин жолдошту.

Майрам шаӊы жергиликтүү ɵнɵр ышкыбоздорунун ыр-күүлɵрү менен коштолду.

8-Март-Аялдардын Эл аралык майрамына карата Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен 100 миӊ сом бɵлүнүп, 180 айымга баалуу белектер ыйгарылды.

Добавить комментарий