НАРЫН ШААРЫНДА АЙЫМДАР КҮНҮНѲ АРНАЛГАН ИШ ЧАРА ѲТКѲРҮЛДҮ.

Бүгүн 7-мартта Нарын шаарында Аялдардын эл аралык күнүнɵ арналган майрамдык иш чара ɵткɵрүлдү.

Майрамдык салтанатка шаардагы коомдун бардык катмарынан 200 айым чакырылып, аларга жан эргиткен жакшы сɵздɵрдɵн куттук айтылып, ыр-бийлер арналып, белектер тартууланды.

Айымдарды жаз майрамы менен куттуктаган шаар мэри Эмилбек Алымкулов аялзатынын жана эненин улуулугун, ыйыктыгын, коомдогу алмаштыргыс бийик ордун даӊазалап, бардык айымдарда үч бакыттын: жакшы атанын кызы, жакшы жардын жубайы жана жакшы уул-кыздын энеси болуу бактысынын болуусун тилек кылды.

Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Жыргалбек Ботоканов да жалпы аялзатын куттуктап жаз менен айымдардын сулуулугун салыштырып, ар бир айымга майрамдагыдай маанай жана бактылуулук каалады.

Майрам шаӊы Ж. Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин мугалимдер жана окуучулар жамаатынын кɵӊүл эргиткен музыкалык кайрыктары менен коштолду.

Иш чарада Күлүйпа Мамышова жана Бермет Ѳмүрова апалар айымдардын атынан уюштуруучуларга ыраазылык билдирип, жакшы тилектерин жолдошту.

Майрамдык иш чараны ɵткɵрүүгɵ жергиликтүү бюджеттен 70 миӊ сом бɵлүнүп берилип, анын эсебинен 200 айымга майрамдык белек тапшырылды.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы.

 

 

 

Добавить комментарий