Нарын шаарында АКИpress маалымат агенттигинин өкүлчүлүгү ачылды

 

Жакында Нарын шаарында АКИpress маалымат агенттигинин өкүлчүлүгүнүн официалдуу  ачылышы аземи болуп, кеӊсесинин кызыл лентасы кесилди.

Бул иш чарага өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын шаарынын вице-мэри Алмаз Суранов, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка чакырылгандар катышышты.

Пресс-борбор менен таанышкан соӊ, АКИpress маалымат агенттигинин башкы редактору А.Иманалиев жана Турмуш маалымат агенттигинин редактору В.Лоцев меймандарга маалымат борбордун ишмердүүлүгүнɵ жана  алдыдагы  аткарыла турган иштерге токтолушту.

Ошондой эле облус жана шаар бийлиги пресс-борбордон эӊ алгачкы  пресс-конференциясын беришип, журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Белгилей кетсек, буга чейин АКИpress агенттигинин маалымат борбору Ош шаарында кана иштеп келсе,  эми экинчилерден болуп Нарын облусунун борбору Нарын шаарында  ачылды.

Ал эми Нарындагы маалыматтык агенттиктин кеӊсесинде үч аймактык кабарчы эмгектенишип, АКИpress агенттигинин маалыматтык сайтын, Турмуш жана баракелде баракчаларын ыкчам түрдɵ кызыктуу маалыматтар менен камсыз кылышууда.

Мындан сырткары, Нарын шаарынын вице-мэри А.Суранов мэриянын атынан эмгекке, алга карай умтулууну чагылдырган тулпардын сүрɵтүн атайын кеӊсенин ачылышына арнап тартуулап, кабарчыларды кызматташууга чакырды.

 

Добавить комментарий