НАРЫН ШААРЫНДА “АКЫЛДУУ ШААР”ДОЛБООРУН ИШКЕ АШЫРУУ АРАКЕТИ УЛАНУУДА

 Нарын шаардык мэриясы “акылдуу шаар” пилоттук  долбоорун  ишке ашыруу үчүн атайын иш план иштеп чыгып,жумушчу топ иш алып барууда.Бул  долбоорду  жүзөгө ашырууда Борбордук Азия университети негизги өнөктөш болуп,долбоорду иштетүүдө маанилүү  деп эсептелинген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан жана  тейлөө кызматтарын көрсөткөн мекме ишканалардан кызматкерлер   компьютердик сабаттуулук боюнча кыска курстардан окушту.

 

Бүгүнкү күнү мындай окуулар улантылып,даярдалып жаткан кызматкерлер,геоинформациялык система борборун(ГИС) иштетүүнү өздөштүрө башташты.Бул борбор Нарын шаардык мэриясынын имаратында жайгаштырылып,учурда шаар тазалыгын  камсыз кылган Таза Нарын ишканасы,муниципалдык менчикти башкаруу мекемеси,билим берүү бөлүмү,китепкана жана медициналык мекемесинде  санарип кызмат көрсөтүү этап –этабы менен ишке аша баштады.Бул долбоорду толук кандуу ишке ашыруу үчүн 5 млн сомдой каражат керектелеери эсептелинген.Тейлөө кызматын  заман талабына ылайык түзүү,жеңилдетүү жана коррупциялык элементтерди болтурбоо аракетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Санарип –Кыргызстан 2019-2023-жылдары”санариптик трансформациялоо  концепциясын аткаруу максатында иштелип келет.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Компьютердик  сабаттуулук боюнча билим алып жаткан кызматкерлерге ГИС борбору тааныштырылып,санариптик башкаруу тутумун натыйжылуу  колдонуу үчүн кызматкерлер жеткиликтүү билим алуулары зарыл  экендиги жана мисалы,таштанды чыгарууда канча каражат сарпталып,канча таштанды тазаланды так эсептелингендей жыйынтык берсе жакшы болоору белгиленди.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий