НАРЫН ШААРЫНДА АК КАЛПАК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ.

Бүгүн, 5-мартта Нарын шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда жана окуу жайларда Ак калпак күнүнɵ арналган иш чаралар ɵткɵрүлүп, кыргыз элинин улуттук кɵркɵм дɵɵлɵттɵрүнүн башында турган ак калпагыбыз даӊазаланды.

Мындай иш чаралардын бири №4-Э. Ибраев атындагы орто мектепте ɵткɵрүлүп, мектеп окуучулары тарабынан ак калпактын мааниси, тарыхы чечмеленди. Ак калпак жана улуттук кийимдерди кийген окуучулар патриоттук ыр-бийлерди, театралдаштырылган кɵрүнүштɵрдү аткарып, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын ачып беришти.

Жалпыӊыздарга маалым болгондой, Ак калпак күнүн белгилɵɵ 2011-жылы улуттук сыймыгыбызды, мекенчил сезимибизди ɵрчүтүү максатында ɵлкɵбүздүн жаштары тарабынан демилгеленип, 2016-жылдан бери расмий майрам күн катары майрамдалып келе жатат.

Ак калпак-кыргыздын улуттук кɵркɵм дɵɵлɵттɵрүнүн кɵрɵӊгɵсү. Ата-бабадан кастарланып келе жаткан асыл мүлк. Кыргыз эли эл болуп түзүлгɵндɵн бери жашоонун, улуулуктун, аруулуктун ыйык белгиси катары ак калпагын аздектеп, сүр тутуп, сɵɵлɵт санап, кɵрк катары маанилүү шаӊ-салтанатка кийип келген.

Мындай уникалдуу баш кийим дүйнɵ жүзүндɵ кыргыздарда гана кездешет. Анын суукта үшүтпɵгɵн, аптапта ысытпаган ыӊгайлуулугу ɵзгɵчɵ. Калпактын ар бир элементи жана чиймеси кайталангыс тереӊ философиялык мааниге ээ.

Кийген калпагынын ɵӊү-түсү, кийүү формасы аны кийип турган адамдын жашоодогу статусун айгинелеп турган. Алсак, ата-бабаларыбыз уулу балакатка жеткенге чейин кыюусу жашыл калпак, бойго жеткен уулуна кыюусу кызыл, ал эми үйлɵнгɵндɵн кийин кыюусу кара калпак кийгизишкен. Кокус жары кɵз жумуп кетсе кырлары кара менен бастырылган, же кара кийизден жасалган калпак кийүүгɵ тийиш болгон. Ал эми ɵз айылынын, уруусунун алдында кадыры ɵскɵн, эл башкарууга кудурети жеткен мырзалар аппак түстɵгү калпак кийсе, уруу башчылары, бийлик ээлери тɵбɵсү бийик, кыюусу жок ак калпак кийишкен.

Бул кыргыз элинин ар бир буюмунун, ар бир сɵзүнүн, кыймыл-аракетинин мааниси тереӊ, акылман эл экендигин далилдейт.

Ата-бабаларыбыз калтырып кеткен бул улуу мурастын маанисин жоготпой биз да кийинки муундарга татыктуу ɵткɵрүп берүүгɵ тийишпиз. Ар дайым ак калпагыӊыздар башыӊыздардан түшпɵй, уюткулуу кыргыз элинин тарыхы улана берсин!

Добавить комментарий