Нарын шаарында Апрель элдик революциясынын тɵрт жылдыгын белгилɵɵ боюнча иш чарага даярдыктар кɵрүлүүдɵ

Нарын шаарында Апрель элдик революциясынын тɵрт  жылдыгын белгилɵɵ боюнча шаардык мэриянын иш-чараларынын  планы иштелип чыгып, учурда даярдыктар кɵрүлүүдɵ. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева.

Мэрия Апрель элдик революциясынын катышуучуларынын жана жаракат алгандардын тизмесин тактоо,  бир жолку тɵлɵнүүчү жɵлɵк пулдардын берилишин камсыз кылуу, дарылануусуна жана алардын ден-соолуктарынын чыӊдоосуна кɵзɵмɵлдү күчɵтүү жагын тиешелүү мекеме, ишканаларга тапшырды.

Ошондой эле, билим берүү бɵлүмүнɵ Апрель элдик революциясына карата  окуучулар арасында дил баян жаздыруу,  шаардык китепканага сүрɵт кɵргɵзмɵ конкурстарын, китеп кɵргɵзмɵсүн уюштуруу милдеттендирилди.

Иш планга ылайык иш-чара «Тянь-Шань» паркында 7-апрель күнү саат 9.00 дɵ башталат.

Бүгүнкү күндɵ  эскерүү митинги ɵтүүчү паркты тазалоо  жана 7-апрелде  курман болгондорго арналып, орнотулган эстеликтин айланасын  ирээтке келтирүү, сырдоо жана акилɵɵ  иштери жүргүзүлүүдɵ.

 

Добавить комментарий