НАРЫН ШААРЫНДА АРЫКТАРГА ТЕМИР-БЕТОН ЛОТОКТОР ОРНОТУЛУП ЖАТАТ

Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү арыктарга темир-бетон лотокторду жаткызуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Мырзабеков көчөсүнөн Ак-Мөөр көчөсүнө чейинки аралыктагы тротуарлардын эки тарабындагы арыктарга  900 метр темир-бетон лотокторду  орнотуу жумуштарын  “Нарын-Строй-Сервис” ЖЧКсы аткарып жатат.

Жалпы наркы 2 млн. 927 миң 627 сом акча каражатын түзгөн лотокторду орнотуу долбооруна үлүштүк (дем берүүчү)  гранттан  2 млн. 195 миң 721 сом, ал эми өздүк салым жергиликтүү бюджеттен 731 миң 906 сом акча каражаты бөлүнгөн.

 

Добавить комментарий