Нарын шаарында ар улуттун өкүлдөрүнөн турган «Ырдайлы кыргыз ырларын» аттуу долбоору элге тартууланды

Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы облустук драм театрында 5-ноябрда КР Эл артисти Юрий Бобков жетектеген «Ырдайлы кыргыз ырларын» аттуу долбоору элге бекер концерттик кече тартуулашты.

Долбоорду КР Өкмөтүнүн алдындагы Жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Накен Касиев тарабынан демилгеленип, алардын каржылоосунда Нарын жергесине алынып келинген.

Долбоордун максаты Кыргызстандын аймактарындагы ар улуттун ынтымагы, этностук мамилелерди чыңдоо. Концерттик кечеге жалпы 10дон ашык ар улуттун ырчылары келип нукура кыргызча ырларын элге тартуулашты.

Бул долбоор алгач Нарын жергесинде башталса, эми калган башка облустарда улантылмакчы..

             

Добавить комментарий