НАРЫН ШААРЫНДА АСФАЛЬТТАЛА ТУРГАН ЖОЛДОРДУН ДОЛБООРУ МЕНЕН ЖАСАЛА ТУРГАН КОШУМЧА ЖУМУШТАР ТАЛКУУЛАНДЫ

Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов бүгүн, 15-августта шаар ичинде жасалып жаткан жолдор боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Ага коммуналдык чарба кызматтарынын башчылары жана “Доорстрой” ЖЧКсынын өкүлдөрү катышышты. Жыйында шаар башчысы асфальттана турган жолдор менен бирге ага тиешелүү бардык жумуштарды кошо жасап кетүү керектигин айтты.

Маселен жолду асфальттоодон мурда жер алдындагы жылуулук, таза суу түтүктөрүн, асфальт менен чогуу люктардын зарылдарын алмаштыруу жана жол боюна чейин кызыл чийинден чыгара курулган дубалдарды алдыртуу зарыл экендиги белгиленди.

Ошондой эле жолдор толугу менен асфальтталып калгандан кийин, аларга зыян алып келип, кайрадан казуу иштерин болтурбоо жагы тапшырылды.

Аны менен катар Нарын суу канал жана Таза-Нарын ишканаларына  кошумча жасалуучу жумуштардын сметалык баасын эсептеп чыгып, жолдун долбооруна кошуп жасатуу маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, Нарын шаарынын Токтосунова, Кулумбаева жана С.Орозбак (Ак-Мөөр көчөсүнөн Ленин көчөсүнө чейин) көчөлөрүндө жол асфальттоо иштери жүргүзүлөт.

Добавить комментарий