НАРЫН ШААРЫНДА АТА-БАБАЛАР ЭСКЕРИЛДИ.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 26-октябрындагы Жарлыгынын негизинде 7-8-ноябрь жыл сайын белгиленүүчү «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндɵрү» деп жарыяланып, бул күндɵр кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптɵлүшүндɵгү тарыхый үч окуяга: 1916-жылдагы Улуу Үркүн окуясына, 1917-жылдагы Октябрь революциясына катышкан жана 1937-1938-жылдардагы репрессияга кабылган кыргыздын чыгаан уулдарын эскерүүгɵ негизделген.

Бүгүн, 7-ноябрда Нарын шаарында «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнɵ» карата митинг уюштурулду.
Кыргыз элин Цин империясынын баскынчылыгынан жана Кокон хандыгынын эзүүсүнɵн коргоодо кырчылдаша кармашкан Тайлак баатырдын жана Улуу Октябрь социалисттик революциясынын жеӊишине зор салымын кошкон Таабалды Жукеев-Пудовкиндин эстелигине гүлчамбарлар коюлуп, алардын жаркын элесине таазим этилип, куран окулду.

Эскерүү митингин ачкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов кыргыз тарыхынын акыркы жүз жылдыгындагы Улуу Үркүн, Улуу Октябрь социалисттик революциясы, 1937-38-жылдардагы репрессия окуяларынын тарыхый маанисине токтолуп, бул окуялардын жакшы жактарын баалап, жаман жактарынан сабак алуу менен келечекке негиз түзүп берүү бүгүнкү муундун милдети экендигин белгиледи.

Иш чарага катышкан Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов кɵзү ɵткɵн ата-бабаларды барктамайын тирүүлɵр даӊкталбай тургандыгын, алардын кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн жасап кеткен эмгектерин баса белгилеп, бул эскерүү күнүнүн келечектеги жаштар үчүн мааниси зор экендигин билдирди.

Добавить комментарий