НАРЫН ШААРЫНДА БААТЫР ЭНЕЛЕРГЕ УРМАТ-СЫЙ КѲРСѲТҮЛДҮ.

Бүгүн, 21-майда Нарын шаарында Энелер күнүнɵ арналган салтанаттуу иш чара ɵткɵрүлүп, шаардын 150 жылдык мааракесине карата 150 Баатыр энеге белек берилип, жакшы тилектер, жагымдуу ыр-күүлɵр арналды.

Энелерге куттук арнаган Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов апалардын мээримине, түйшүгүнɵ, сүйүүсүнɵ, чыдамкайлыгына, боорукерлигине эч нерсе теӊ келе албастыгын, аялзаты-эне болуу бактысына ээ болгондугу менен бактылуу, ажарлуу жана мээримдүү экенин  белгиледи.

Ошондой эле ɵз сɵзүндɵ «Бешик терметкен кол дүйнөнү башкарат» дегендей, Каныкейдей, Курманжан даткадай акылгөй, сабырдуу, кеӊ пейил энелерибиздин кеп-кеңеши менен кыргыз эли кыйын күндөрдө мамлекеттүүлүгүн, улуттук ар-намысын жоготпой, кылымдарды карыта жашап келгенин, бүгүн да андай апаларыбыздан, Кыз Сайкалдай, Жаңыл Мырзадай намыскөй кыздарыбыздан уучубуз куру эместигин, алар мыкты уул-кыздарды тарбиялоо менен өлкөбүздүн, шаарыбыздын өсүп-өнүгүүсүнө,  улуттук нарк-насилибиздин муундан муунга улануусуна татыктуу салымдарын кошуп жатышкандыгын билдирди.

Муну менен катар ɵлкөдө энелердин статусун жана ролун жогорулатуу, үй-бүлөлөрдүн абалына жалпы коомчулуктун жана мамлекеттин көңүлүн бурдуруу максатында, ошондой эле эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен түзүлүп, 2012-жылдан бери  белгиленип келе жаткан Энелер майрамынын мааниси зор экендигин дагы бир ирет баса белгиледи.

Энелерибизди кɵзү барда сыйлап, ар күнү жакшы тилек арнап, белек арноого милдеттүү экенибизди айтуу менен жалпы аялзатына жашоодогу үч бакытты: жакшы атанын кызы болуу, жакшы мырзанын жубайы болуу жана жакшы уулдун энеси болуу бактысын каалады.

Майрамдык иш чарада ак жоолук апаларга шаардагы маданият, билим берүү  тармагынын кызматкерлери, мектеп окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, Нарын шаардык мэриясынын майрамдык белектери тапшырылды.

Шаардагы Баатыр энелердин улуусу-94 жаштагы Кыдыкова Шарипа апа жана Баатыр энелердин кичүүсү-32 жаштагы Мукашова Салтанат айым мэрдин колунан белек алышты.

Маалымат үчүн айта кетсек, бүгүнкү күнгɵ чейин Нарын шаарында 353 Баатыр эне болсо, быйыл дагы 6 энеге «Баатыр эне» статусу берилди.

Энелер күнүнɵ арналган майрамдык иш чараны ɵткɵрүүгɵ жана 150 Баатыр энеге белек тартуулоого жергиликтүү бюджеттен 40 миӊ сом бɵлүнүп берилди.

    

 

 

Добавить комментарий