НАРЫН ШААРЫНДА «БАЛДАР ҮЧҮН-КООПСУЗ ЖОЛ» АКЦИЯСЫ ѲТКѲРҮЛДҮ.

Бүгүн Нарын шаарында мектеп окуучуларынын жолдо жүрүүдɵгү коопсуздугун камсыз кылуу максатында «Балдар үчүн-коопсуз жол» аттуу акция ɵткɵрүлдү.

Нарын шаардык билим берүү бɵлүмү жана Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугун камсыздоо бɵлүмү тарабынан уюштурулган бул иш чарага шаардагы бардык мектептердин окуучулары активдүү катышты.

Мектеп окуучуларынын аракети менен шаардын жол каттамындагы кичи автобустар жол коопсуздугуна үндɵгɵн кɵрнɵк-жарнактар, шарлар менен жасалгаланып, Жол кыймылынын жаш тескɵɵчүлɵрү «64» жана «Жаӊы-Жол» аймактарынан борбордук аянтка чейин ушул автоунааларда жүрүш жасашты.

Акциянын негизги бɵлүгү Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтта улантылды. Жол кыймылынын жаш тескɵɵчүлɵрү саптык кароого тизилип, жол коопсуздугунун эрежелерин кɵрсɵтүштү. Флеш-моб бийлеп,  жакшы тилек менен шарларды учурушту.

Иш чарага катышкан Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугун камсыздоо бɵлүмүнүн башчысы Жакып Жумаев, Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси Эсентур Ѳмүралиев, Нарын шаардык билим берүү бɵлүмүнүн башчысы Кубан Мамбетов жана башкалар жаӊы окуу жылынын башталышында ɵткɵрүлүп жаткан бул иш чаранын мааниси тереӊ экендигин  белгилеп, коомчулукка жол эрежелерин сактоо боюнча чакырык таштаган окуучуларга тереӊ ыраазылык билдиришти.

Жыйынтыгында бардык мектептердин Жол кыймылынын жаш тескɵɵчүлɵрү командаларына Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын дипломдору жана кызыктыруучу белектери ыйгарылды.

Добавить комментарий