НАРЫН ШААРЫНДА БАТКЕН ОКУЯСЫНДА КУРМАН БОЛГОНДОР ЭСКЕРИЛИП, АРДАГЕРЛЕРГЕ УРМАТ-СЫЙ КӨРСӨТҮЛДҮ.

Бүгүн, 26-октябрда Нарын шаарында Баткен окуясынын аяктагандыгынын 18 жылдыгына карата эскерүү митинги өткөрүлүп, ошол кандуу кагылышууда Мекен үчүн баатырларча курман болгон жоокерлер эскерилди.

Митинг Ж. Акималиев атындагы «Жеңиш» паркында жоокерлердин эстелигине гүл коюп тазим этүү, аларга арнап куран окуу жөрөлгөсү менен башталды.

Эскерүү иш чарасын ачкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов Баткен окуясы Кыргызстандын жалпы элинин биримдигин, аскердик даярдыгын, коргонуу жөндөмдүүлүгүн сынга алган чоң тарыхый окуя болуп калгандыгын, динге жамынган террорчулардын согуштук аракетин талкалап, өлкөнүн бүтүндүгүн сактоодо кыргызстандык жоокерлер жана ыктыярдуу аскердик топтор мекенчилдик сезими жана кайратман эрдиги менен жеңишке ээ болгондугун баса белгиледи.

Ошондой эле өлкөбүздүн чек арасын душмандардан бошотууга Нарын шаарынан 115 жоокер аттанып, алардын экөө: «Манас» орденинин ээси Заярко Руслан Николаевич жана «Эрдик» медалынын ээси Мукамбет уулу Улан баатырларча курман болушканын билдирип, ажалга тике караган баатырлардын жаркын элесине таазим этип, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Ал эми катарыбызда жашап, иштеп жаткан Баткен согушунун ардагерлерине жакшы тилектерин арнап, Нарын шаардык мэриясынын Ардак грамоталарын тапшырды.

Иш чарада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын, Куралдуу күчтөрдүн республикалык Ардагерлер Кеңешинин, Нарын облустук бириктирилген аскер комиссариатынын, Нарын шаардык Ардагерлер Кеңешинин, Баткен согушунун Нарын облустук ардагерлер Кеңешинин жана башка мекеме-уюмдардын сыйлыктары жана белектери ардагерлерге ыйгарылып, алардын эрдиги даңазаланып, Баткен окуясына тарыхый баа берилди.

Баткен согушунун 18 жылдыгына карата Нарын шаарынын жергиликтүү бюджеттен 114 миң сом бөлүнүп, ардагерлерге сый белек берилээри айтылды.

Добавить комментарий