НАРЫН ШААРЫНДА БЕЛГИЛҮҮ ЭСТРАДА ЖЫЛДЫЗДАРЫНЫН КАТЫШУУСУНДА МАЙРАМДЫК КОНЦЕРТ БЕРИЛҮҮДѲ.

Учурда Нарын шаарынын борбордук аянтында Кыргызстандагы белгилүү эстрада жылдыздарынын катышуусунда Айымдардын эл аралык майрамына карата чоӊ программадагы концерт тартууланууда.

Майрамдык иш чара коомдук ишмер, Теӊир Тоонун кулуну Нариман Түлеевдин демɵɵрчүлүгү жана Нарын шаардык мэриясынын уюштуруусу менен ɵткɵрүлүүдɵ.

Ыр майрамында Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов шаардагы жалпы аялзатын куттуктап, жакшы тилектерди арнашты. Ошондой эле концерттин демɵɵрчүсү болгон Нариман Түлеевге жана ɵнɵр ышкыбоздоруна ыраазылык билдирип, ийгилик каалашты.

Коомдук ишмер Нариман Түлеев ɵз сɵзүндɵ бул иш чаранын артында эч кандай саясат жоктугун, элине, жерине болгон сагынычын таратуу жана айымдарды куттуктоо максатында ыр белек тартуулагысы келгенин белгиледи. Ошондой эле куру келбей Нарын шаарына заманбап фонтан ала келгенин маалымдады.

Добавить комментарий