Нарын шаарында бош турган жер аянты 172 гектарды түзөт

Нарын шаардык бийлигинин өткөн жылы чыгарылган буйругуна ылайык муниципалдык объекттер менен муниципалдык жер аянттары шаардык муниципалдык менчик департаменти тарабынан такталып чыгарылды. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Аныктоонун натыйжасында 76 объект каттого алынган. Алардын 27си оперативдүү башкарууда тургандар болуп саналат. Ал эми 172 гектар 21 сотых жер аянты бош болсо, 13 гектар 83 сотых жердин ээси жок деп аныкталган.

Шаарга тиешелүү жердин 20 гектарына жакынын көрүстөндөр ээлесе, 18 гектар 19 сотых жер аянтын жолдор түзөрү эсептелген. Жыйынтыгында шаардык муниципалдык менчик департаменти жыл ичинде тиешелүү жактарга 75 эскертүү, 57 билдирүү жасап, 25 жолу сотко кайрылган.

Ал эми Нарын шаарынын жалпы аянты 5040 гектарды ээлейт.

Добавить комментарий