Нарын шаарында брусчатка, пескоблок чыгаруучу аппараттар коюлууда

Нарын шаардык «Таза-Нарын» ишканасына курулуш материалдарды чыгаруучу аппараттар алынып берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Э.Качкымбаева билдирди.

Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен брусчатка чыгаруучу аппарат алууга 496 миӊ 800 сом, таш майдалагыч жана бетон аралаштыргыч аппараттарын алууга 498 миӊ сом акча каражат бɵлүнүп берилген.

Жакынкы күндɵрү аппараттар Кытайдан алынып келип, шаардын Москва аймагынан бɵлүнүп берилген тилкеге орнотулууда. Брусчатка шаардын керектүү жерлерин брусчаткалоо жумуштарына пайдаланылып, сатыкка да чыгаруу жагы пландаштырылган.

Белгилей кетсек, жогорудагы жүргүзүлɵ турган иш аракеттер 2014-2017-жылдары Нарын шаарын ɵнүктүрүүнүн «Жол картасына» кирген долбоорлордун бири.

Добавить комментарий