Нарын шаарында Буткүл дүйнөлук СПИДке каршы күрөшүү күнү белгиленди

Бүгүн Нарын шаарынын борбордук аянтында 1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, медициналык мекемелердин кызматкерлери, студенттер жана мектеп окуучулары катышышты.

Акциянын жүрүшүндө кызыл шарлар, ленталар жана ВИЧ-инфекция жөнүндө маалыматтарды камтыган китепчелер таратылды.

Ошондой эле саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлери арасында “флешмоб” сынагы өткөрүлдү. Анын жеңүүчүлөрүнө жана активдүү катышуучуларына ыраазычылык каттар жана белектер тапшырылды.

Иш-чара мэрия жана СПИДке каршы күрөшүү борбору тарабынан уюштурулду.

Добавить комментарий