НАРЫН ШААРЫНДА ВЕЛО ЖАРЫШ ѲТКѲРҮЛДҮ.

Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине карата 15-сентябрь күнү вело жарыш ɵткɵрүлдү.

Спорттук мелдешке шаардагы вело спортун сүйүүчүлɵр активдүү катышып, 57 мырза жана 9 айым ɵз күчтɵрүн сынап кɵрдү.

Катышуучулар борбордук аянттан РТС аймагынын акыркы аялдамасына чейин велосипед менен барып, кайра борбордук аянтка марага келишти.

Натыйжада мырзалар арасында биринчи орунду Арзыкул уулу Нурсултан, экинчи орунду Жээнкул уулу Жолдошбек, үчүнчү орунду Эмилбек уулу Тилек камсыздаса, айымдар арасында биринчиликке Дүйшеева Жазмира, экинчи орунга Абдырахманова Сезим, үчүнчү орунга Шакирова Алина татыктуу болушту.

Мырзалар жана айымдар арасында 1-2-3-орунду камсыздаган жеӊүүчүлɵргɵ жеке ишкер Бакыт Жумагуловдун демɵɵрчүлүгү менен кымбат баалуу велосипеддер ыйгарылды.

Ошондой эле «Бай түшүм, «Айыл» банктары жана «Альфа телеком» уюлдук байланыш түйүнү тарабынан ɵнɵктɵштүк кɵмɵк кɵрсɵтүлүп, катышуучуларга кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Иш чарага катышкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов катышуучуларга жана демɵɵрчүлɵргɵ ыраазылык билдирүү менен бирге Нарын шаарында вело спортун сүйүүчүлɵр биз ойлогондон да кɵп экендигин, буюрса мындай мелдештер жыл сайын уюштурулуп тураарын билдирди.

Добавить комментарий