Нарын шаарында ден соолук күнү белгиленди

Бүткүл дүйнɵлүк ден соолук күнүнɵ карата уюштурулган иш чара, Апрель Элдик революциясы күнүнѳ карата курман болгондорду эскерүү митингинен кийин, борбордук “Теӊир-Тоо” аянтында улантылды. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

 

Бул күнгѳ карата жеӊил атлетика боюнча 12 бѳлүктѳн турган мелдешке, жаш курактарына жараша аялдар жана эркектер күч сынашышты. Нарын шаарынын Ленин кѳчѳсүнүн күн чыгыш тарабы “64 аймагынан” алгачкылардан болушуп 18 жаштан 28 жашка чейинки эркектер арасында 1,5 чакырым аралыкта старт алган катышуучулар аянтка маарага келишти. Жеӊүүчүлѳргѳ баалуу белектер тапшырылып, ага жергиликтүү бюджеттин эсебинен 27 миӊ сом акча каражаты бѳлүнгѳн.

 

Ошондой эле, мектеп окуучулары “Менин ден соолугум- менин байлыгым” деген теманын алкагында, ден соолук, тазалык, тынчтык жɵнүндɵ асфальтка сүрѳт тартышып, дил баян жазуу сынактарынын жыйынтыгы да бүгүнкү иш чарада чыгарылды.

 

Добавить комментарий