Нарын шаарында жагымдуу саамалык : Заманбап диагностикалык борбор ишке киргизилди

Бүгүн,  11-майда Нарын шаарында Үй-бүлөлүк медицина жана диагностика борборунун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Ачылыш аземине арналган салтанат Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин имаратында өтүп, ага облус башчысы А.Кайыпов, шаар мэри Р.Адиев, Ага Хан өнүктүрүү фондунун КР дипломатиялык өкүлү Шамш Кассим-Лакха мырза, КР Саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси  К.Кундашев, саламаттык сактоо, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, райондордон келген имам жана дин кызматкерлери, аталган мектептин эмгек жамааты, массалык маалымат каражаттары жана башка меймандар катышышты.

Сөз сүйлөгөн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү  Ага Хан Ѳнүктүрүү Тармагынын буга чейин Нарын облусунун аймагында жүргүзүп жаткан иш аракеттери, инвестициялар, колдоолоруна ыраазычылыктарын айтышып. Мындан аркы кызматташууга жана ар тараптан колдоого даярдыктарын билдиришсе, Ага Хан фондунун өкүлдөрү Президент, өкмөт, жергиликтүү бийликтин колдоосу болбосо, бүгүнкүдөй ачылыш аземи болмок эмес дешти.

Ал эми шаар мэри Р.Адиев, өз сөзүндө Ага Хан фондунун Ѳнүктүрүү Тармагы Нарын шаарынын аймагында билим берүүнү, архитектураны, жеке ишкердикти жана башка багыттарды өнүктүрүүнү камтып келсе, бүгүнкү күндө калкыбыздын саламаттыгына кам көрүүнү колго алып, заманбап жабдыктар менен жабдылган Үй-бүлөлүк медицина жана диагностикалык  борборун ишке киргизип жатканын белгиледи. Ошондой эле борбор заманбап медициналык жабдыктардын жардамы менен медициналык изилдөөлөрдүн бир нече түрүн жүргүзүп, жарандарга борбор калаага барбастан жеринде диагностика ыкмаларын колдонуу менен оорунун диагнозун эрте аныктоого жана материалдык жактан алардын чыгымдарын кыскартууга шарт түзүлөт деген ишеничин билдирди.

Аталган борбор заманбап жабдуулар менен жабдылып, гематологиялык жана биохимиялык лаборатория, УЗИ, рентген, кольпоскопия, гастро-эндоскопия, ЭКГ аппараттары аркылуу изилдөөлөрдү жүргүзүп, үй-бүлөлүк медицина, терапия, педиатрия, кардиология, гинекология жаатында тажрыйбалуу дарыгерлер кызматтарды көрсөтүшөт.

Белгилей кетсек, борбор жайгашкан имаратты ремонттоо жана жабдуу үчүн 1 млн 200 миң акча каражаты сарпталган.

Добавить комментарий