НАРЫН ШААРЫНДА ЖАЙЛОО ШАРТЫНДАГЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРЛОРУ ИШТЕЙ БАШТАДЫ

Балдардын жайкы эс алуусун натыйжалуу өткөрүү максатында үстүбүздөгү жылдын 15-июнунан тартып Нарын шаарындагы бала бакчаларда жайлоо шартындагы өнүгүү борборлору иштей баштады.

Борборлор бала бакчалардын короолорундагы боз үйлөрдө жайгашып, түшкө чейинки жана түштөн кийинки нөөмөттөр менен мектеп жашына чейинки балдарды кабыл алууда.

Бул убакыттарда балдарга атайын расписание менен сүрөт тартуу, тил үйрөнүү, сөз өстүрүү, музыка, айлана-чөйрө менен таанышуу, дене тарбия сыяктуу өнүктүрүү сабактары өтүлүүдө. Мындан сырткары балдар таза абадан дем алып, бири-бири менен ойноп, улуттук каада-салттардын үлгүлөрүн үйрөнүшүүдө.

Борборлорго келип жаткан балдардын көпчүлүгү бала бакчаларга тартылбаган балдар болууда. Мындагы негизги максат бала бакчага барбаган балдарды коомдук жайларга аралаштыруу, өзү теңдүү балдар менен баарлашуусун шарттоо болуп саналат.

Жайлоо шартындагы өнүктүрүү борборлору 15-августка чейин өз ишин улантат.

Добавить комментарий