Нарын шаарында Жарандык коргонуунун башкаруу органдары менен командалык штабдык окуу ɵткɵрүлдү

 

27-28-майда Нарын облусунун Жарандык коргонуунун 2014-жылга бекитилген даярдык Планына ылайык облустук Жарандык коргонуу башчысынын жетектɵɵсү астында “Табигый жана техногендик мунɵздɵгү ɵзгɵчɵ кырдаал коркунучунда жана пайда болгон мезгилде Жарандык коргонуу иш чараларын уюштуруу ” деген темада Нарын шаарынын Жарандык коргонуусунун башкаруу органдары менен командалык штабдык окуу ɵткɵрүлүүдɵ.

Окуунун максаттары:

Жер титирɵɵдон кийинки кырсыктан сактоо жана кечиктирилгис иш чараларын уюштуруу, жарандык коргонуу күчтɵрүн жана каражаттарын даярдыкка келтирүүнүн аныктыгын текшерүү;

Башкаруу органдарынын бардык звенолорунда практика жүзүндɵ абалга баа берүү, жарандык коргонуу күчтɵрүнүн чечимдерин кабыл алуу жана иш кагаздарын иштеп чыгуу;

Жарандык коргонуу штабдарында жана шаардын аймагында кырсыктан сактоо жана кечиктирилгис иш чараларын ɵткɵрүү убагында жарандык коргонуу күчтɵрү менен камсыз кылуу;

Тынчтык мезгилде болгон ɵзгɵчɵ кырдаалдын кесепетин жоюу иш чараларын уюштурууну ɵркундɵтүү ыкмаларын жолдорун изилдɵɵ.

Ошону менен катар Нарын шаарынын Жарандык коргонуусунун башкаруу органдары менен өткөрүлүүчү командалык штабдык машыгуунун алкагында облустук, райондук жана шаардык Жарандык коргонуунун Жарандык коргонуу түзүмдɵрү Теңир-Тоо аянтына тизилип, Нарын облусунун, Нарын шаарынын жана Нарын районунун Жарандык коргонуусунун башкаруу органдарынын Жарандык коргонуу боюнча алдыга коюлган тапшырмаларды аткарууга даярдыгы облус, шаар, район жетекчилиги тарабынан бааланды.

 

Добавить комментарий