Нарын шаарында жаштарды сергек жашоого үндɵɵ максатында уюштурулган спартакиада эки күнгɵ созулуп 2-май күнү жыйынтыкталды.

Спорттун жалпы түрлɵрү боюнча Ат-Башы районунун курама командасы 1-орунга, Нарын району 2-орунга, Ак-Талаа районунун курама командасы 3-орунга ээ болушуп, баалуу сыйлыктар жана атайын дипломдор менен сыйланышты.

Ал эми мелдешти уюштуруп, ɵткɵрүү үчүн республикалык бюджеттен 300 000 сом акча каражаты сарпталды.

Облустук спартакидада алдыӊкы орундарга жетишкен командалар Республикалык чоӊдор арасындагы спартакиадага жолдомо алышып, мыкты даярдыктар менен жɵнɵшɵɵрүн билдиришти.

 

Добавить комментарий