Нарын шаарында Жаңы-жылдык балаты орнотулду

Нарын шаарынын борбордук аянтына бийиктиги 18 метрди түзгөн жаңы жылдык балаты орнотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Балатыны алып келүүгө жана жасалгалоого Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 150 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Кечкисин өзгөчө көрк берген балатынын жанына келип сүрөткө түшкөн шаар тургундардын саны күндөн күнгө көбөйүүдө. Ошондой эле дагы бир балаты «Ала- Тоо» стадионундагы муз аянтчанын дал ортосуна орнотулду.

 

Добавить комментарий